Аламүдүн районунда эки мотоцикл айдоочусу жайыттарда жүргөндүгү үчүн айыпка жыгылды. Окуя Беш-Күнгөй айылынын жогору жагында катталган.
Бул рейд жергиликтүү тургундардын кайрылууларынан кийин уюштурулган. Ага милиция кызматкерлери да катышкан.
Эки эреже бузуучуга карата административдик протоколдор түзүлдү. Ар бир айдоочуга 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык кызмат 2025-жылдан тарта эндуро мотоциклдеринин жана башка техникалардын ээлерин жайыттарга чыгып, топуракты жана өсүмдүктөрдү зыянга учураткандыгы үчүн жигердүү текшерип, айып салып келет.







