Аламудун районунун Беш-Кунгей айылына чукул жайгашкан жайыттарда Служба экологического и технического надзора менен Аламудун РОВДнин жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү биргелешип рейд өткөрдү.
Бул иш-чара жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде уюштурулуп, мотоциклдардын — «эндуро» түрүндөгү техниканын жайыттарга чыгышы аныкталып, мыйзам бузуулар катталды.
Текшерүү жыйынтыгында эки жарандын ар бирине 5 500 сомдон айып пул салынды. Жалпысынан 11 миң сом өлчөмүндө айып пул алынган.
Министрлик табиятты коргоого, жайыттарды сактоого жана Кыргызстандын мыйзамдарын аткарууга маани берүүнү сунуш кылды.








