Аламудун районунда жайгашкан Ак-Таш жайытында унаалардын мыйзамсыз чыгышына байланыштуу рейд уюштурулду.

Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери менен Аламудун райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргелешип, жайытка унаа чыгарып келген жаранга 55 миң сом айып салды.

Тиешелүү органдар тарабынан рейд уюштурулду

Бул рейддин максаты — жайыт аймагына мыйзамсыз унаа киргизүүнү токтотуу жана экологиянын бузулушуна жол бербөө болуп саналат.