Ат-Башы районунда көчө шамдарын күн энергиясы менен камсыз кылуу максатында иштер жүргүзүлүүдө. Бул долбоор райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Нарын облусунун акими Нурбек Сатаров Ат-Башы — Ача-Кайынды унаа жолунун 3,5 километрлик бөлүгүндө орнотулган күн энергиясы менен иштеген шамдардын абалын көзөмөлдөдү.
Ошондой эле, ал «Тенир-Тоо» өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен алынган шамдардын Баш-Кайынды айыл аймагынын ички көчөлөрүнө орнотулууга даярдыгын текшерди.
Күн энергиясы менен иштеген шамдардын орнотулушу райондун инфраструктурасын жакшыртып, калктын түнкү коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.



