Нарында заманбап оюн аянтчалары курулууда

Нарын шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, учурда шаардын алты шаарчасында балдар үчүн коопсуз жана жумшак каптоо менен жабдылган оюн аянтчаларын орнотуу иштери жүрүүдө.

Ошол эле учурда, жети райондо воркаут-зоналар жана ачык абадагы спорттук тренажерлер орнотулууда. Бул спорттук аймактар балдар аянтчаларынын жанына жайгаштырылып, шаар калкын активдүү жашоо образына үндөө ниетинде түзүлүүдө.

Долбоордун негизги максаты — балдардын коопсуз ойногонго ыңгайлуу шарттарын түзүү жана Нарындын тургундарынын ден соолугун чыңдоого салым кошуу.