Нарын шаарында панорама аймагындагы баскыч жолго заманбап күн энергиясы менен иштеген фонарлар орнотулду. Бул менен аймактын кечки сааттардагы жарыктыгы камсыз болду.
Бул иш-чара мэриянын тапшырмасы менен, шаар башчысы Жылдызбек Беккелдиевдин колдоосу менен жүзөгө ашырылды. Муну менен шаардыктарга жана конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүү көздөдү.
Лотоктун жалпы көлөмү 6,5 миллион сомго бааланган жана бул каражаттар «Нарын шаарын туруктуу өнүктүрүү» программасынын алкагында бөлүндү.












