9-август күнү эртең менен саат 09:33тө Кыргызстандын түштүк аймагында жер титирөө болгону катталды. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, анын магнитудасы болжол менен 3 баллды түзгөн.

Институттун адистеринин аныктамасы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймагында жайгашкан. Ал Кочубаев айылынан 7 км түндүк-батышта, Аравандан 13 км түндүк-батышта, Анжияндан 28 км түштүктө жана Ош шаарынан 36 км батышта орун алган.

Термелүүнүн интенсивдүүлүгү Кочубаев айылында 2 баллга жеткени белгиленди.