Жер титирөөнүн чоо-жайы
8-август күнү эртең менен Бишкек шаарынын аймагына жакын жерде жер титирөө болгону тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Алардын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү болжол менен 2,5 баллды түзгөн.
Институттун билдиришинче, жер астындагы термелүүлөр саат 10:23тө катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Кыргызстандын аймагында, Новопавловка айылынан 4 км түштүк-батышта, Бишкектен 10 км батышта жана Сокулук айылынан 15 км чыгышта жайгашкан.
Маалыматтарга караганда, жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес, бул анын күчү төмөн болгондугун көрсөтөт.






