Үстүбүздөгү жылдын 23-24-июль күндөрү Беларусь Республикасынын Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык конкурсу болуп өттү. Аталган иш-чарада Кыргызстан тарыхый ийгиликке жетишип, жалпы 9 кадыр-барктуу сыйлыкка ээ болду.
Кыргызстан СНГнын «Китеп искусствосу» эл аралык конкурсунда 9 сыйлыкка ээ болду
Кыргызстандын өкүлдөрү Минск шаарында өткөн XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык конкурсунда чоң ийгиликке жетип, жалпысынан тогуз абройлуу сыйлыкты багындырышты. Бул жетишкендик кыргыз китеп басып чыгаруу өнөрүнүн жогорку деңгээлин тастыктап, улуттук маданияттын кадыр-баркын арттырды.



