Процедуралардын жаңы форматы
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсановдын маалыматы боюнча, унааларды тариздөөдөгү кадамдардын саны сегизден төрткө чейин азайтылды. Мындан мурун тартип бир күнгө чейин созулуп, көптөгөн этаптарды талап кылган болсо, азыркы учурда бул процесс болжол менен үч мүнөттү гана алат. Бул жаңы тартип Silk Road Motors автохабындагы «Автомобилдик» бажы тариздөө жайында ишке ашырылууда.
- Даяр документтерди алуу
- Декларацияны түзүү
- Бажы төлөмдөрүн төлөө
- Автоунааны чыгаруу
«Смарт Бажы» платформасы
Жүк ташуучулар үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. «Смарт Бажы» улуттук санариптик платформасы аркылуу жүк жөнүндө маалыматтар чек арага келгенге чейин алдын ала берилиши керек. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык системаларды техникалык колдоо бөлүмүнүн башчысы Калыбек Акматовтын айтымында, маалыматтарды чек араны кесип өткөнгө чейин кеминде эки саат мурун жөнөтүү зарыл.
Маалыматты жүк Кыргызстандын бажы чекарасын кесип өткөнгө чейин кеминде эки саат мурун берүү керек. Андан мурда да жөнөтүүгө болот.
Бул ыкма жүк жөнүндө маалыматтарды, ташуучуну жана товарды алдын ала текшерүүгө мүмкүндүк берет. Эгерде тобокелдиктерди баалоо системасы кошумча текшерүүнүн зарылдыгын көрсөтпөсө, унаалар тездеттилген тартипте өтөт. Бул үчүн видеокөзөмөл камералары жана автоматташтырылган документтерди текшерүү системалары колдонулат.
Тариздөө этаптарынын өнүгүүсү
- 2014-жыл
Бажылык процедуралар 10 катмардан ашык болгон
- 2024-жыл
Процедуралардын саны 9га чейин азайган
- 2026-жыл
Тариздөө этаптары 4га чейин кыскартылды
















