Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Чолпон-Ата шаарында алдыдагы жумада ар кандай аба ырайы күтүлөт.

25-июль

Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +22…+24 градус болот.

26-июль

Түнкүсүн жана күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +23…+25 градус болот.

27-июль

Бул күнү аба ырайы ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +22…+24 градус болот.

28-июль

Түнкүсүн жаан-чачынсыз, күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +23…+25 градус болот.

29-июль

Түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +25…+26 градус болот.

30-июль

Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жана күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +24…+26 градус болот.

31-июль

Бул күнү жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +25…+26 градус болот.