Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Өчпөс из из искусстводо» деген көргөзмө ачылып, абдан белгилүү сүрөтчү Абдыжапар Омурчиевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгы кеңири чагылдырылды.
Өкмөттүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш чарада сүрөтчүнүн чыгармачылык жолу, кыргыз сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө жана улуттук маданиятка кошкон салымы тууралуу сөз болду.
Абдыжапар Омурчиевдин эмгектеринде туулган жерге болгон сүйүү, адамга урмат, эркиндикке умтулуу жана табият менен бүтүн байланыш орун алган.
Анын чыгармачылыгында көчмөн маданияттын өзгөчөлүктөрү, улуттук салттар жана үрп-адаттар, эпос, орнаменттер, петроглифтер жана кыргыз элинин руханий баалуулуктары тереӊ чагылдырылган.
Көргөзмөдө сүрөтчүнүн эмгектери кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана руханий дүйнөсүн ачып көрсөтүп, көрүүчүлөргө өткөн менен азыркы убакыттын байланышын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Иш чараны уюштургандар жаңы муунду Абдыжапар Омурчиевдин чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын мурасын кеңири жайылтуу жана улуттук сүрөт искусствосуна кошкон салымын баса белгилөө максат коюлганын белгилешти.
Көргөзмө 2026-жылдын 23-августуна чейин уланат.


