Бишкектеги С.А. Чуйков атындагы арт-галереясында «Жан дүйнө жаңырыгы» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда №19 түзөтүү мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратылган Вячеслав Абдрашитовдун эмгектери тартууланды. Бул иш-чара Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (МЖАК) тарабынан соттолгондорду ресоциализациялоо программасынын алкагында уюштурулган.

Көргөзмөдө 20 сүрөт коюлуп, ачылышынын алгачкы бир саатында эле алардын 15и сатылып кеткен. Сүрөттөрдүн баасы 4 миң сомдон 12 миң сомго чейин болгон.

Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик органдардын, чыгармачыл коомчулуктун, жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты. Коноктор сүрөтчүнүн эмгектери менен таанышып, уюштуруучулар менен баарлашып, жактырган чыгармаларды сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты.

МЖАК бул көргөзмөнү соттолгондордун чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, өзүн-өзү ишке ашырууга умтулуусун колдоо жана позитивдүү жашоо багыттарын калыптандыруу максатында уюштурганын белгиледи. Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар искусствонун тарбиялык таасири чоң экендигин көрсөтөт. Ал инсандын руханий өнүгүүсүнө, чыгармачылык жөндөмдөрүн ачууга жана оң өзгөрүүлөргө мотивация берүүгө өбөлгө түзөт.