22-июлда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде «Улоо. Мугалим жана окуучу» аттуу көргөзмөнүн расмий ачылышы өтөт.
Бул долбоор КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, бир нече жыл бою иштеп келе жаткан чыгармачыл инициатива болуп саналат.
Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн ар түрдүү муундарынын мурастары жана заманбап чыгармачылык жолдору – живопись, графика жана керамика түрүндө көргөзүлөт.
Бул долбоордун башкы максаты – улуу сүрөтчүлөрдөн жаш таланттарга чыгармачылык тажрыйбаны, профессионалдык билимди жана улуттук көркөм өнөрдүн салттарын өткөрүп берүү аркылуу мурастык уландыны сактоо жана өнүктүрүү.
Экспозицияга белгилүү сүрөтчү жана педагог Сталбек Токтоев менен анын окуучулары – Б. Темиров, Н. Кенжеев, М. Асеин уулу, А. Темиров, К. Тере, Т. Сейитбек кызы, Т. Сапарбек уулу, Л. Оболбек кызы, Р. Мамытбеков катышат.
Көргөзмө 22-июлдан 7-августка чейин Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 196 дарегинде жеткиликтүү болот.














