Нарын облусундагы Кочкор районундагы Ара-КолОро-Башы жолунда асфальтобетон төшөө иштерин улантууда. Бул аймакты туташтырган жолдун узундугу 5 чакырымды түзөт.

Жолду оңдоо жана асфальттоо иштерин №955 жол тейлөө ишканасы пландалган графикке ылайык жүргүзүп жатат. Учурда асфальтобетон аралашмасы активдүү түрдө төшөлүүдө.

Аталган жол Чолпон айыл өкмөтүндөгү Ара-Кол жана Оро-Башы айылдарын туташтырат. Аяктаганда унаалар үчүн кыймыл шарттары жакшыртылып, коопсуздугу жогорулайт.