Жаңылык унаа токтотуу зоналарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана белгиленген эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган. Система муниципалдык токтотуучу жайларда транспорт каражаттарынын бар экенин каттап турат.
Борбор шаардык муниципалитеттин өкүлдөрү унаа ээлеринен аң-сезимдүү болуп, унаа токтотуучу орундар үчүн акыны өз убагында төлөөнү суранышты. Ведомство төлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн мыйзамда айып пул түрүндөгү административдик жоопкерчилик каралгандыгын эскертти.










