Ош шаарында милиция тарабынан аял кармалды. Анын социалдык тармактарда экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратканы тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымат берди.
Иликтөөнүн натыйжасында, таратылган материалдар Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдар менен байланышы бар экени аныкталды.
Бул факты боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» деген беренелер боюнча эки кылмыш иши козголду.
Шектүү — Ош облусунун 1988-жылы туулган Б.М. аттуу тургуну. Учурда иликтөө аяктап, кылмыш иши сотко өткөрүлдү.







