Ысык-Көл облусунда «Чыгыштын Күн Палитрасы» аттуу эл аралык пленэр 17-июлдан 24-июлга чейин болуп өттү. Бул пленэрге Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү белгилүү сүрөтчүлөр, мугалимдер жана студенттер катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — эл аралык маданий байланышты өнүктүрүү, чыгармачыл байланыштарды бекемдөө, кесиптик тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын табигый, тарыхый жана маданий мурастарын көркөм искусствонун жардамы менен жайылтуу.

Пленэр учурунда катышуучулар өлкөнүн сулуу табигый жерлеринде жана тарыхый обьектиларда эмгектенип, кыргыз элинин маданияты жана көчмөн цивилизациясынын мурасы менен таанышышты. Жыйынтыгында 400дөн ашык чыгарма жаралды.

Мындан тышкары, программада лекциялар, көркөм окуу жайларынын презентациялары, чыгармачыл жолугушуулар жана кесипкөй талкуулар өткөрүлдү.

Пленэрге Кыргызстан, Россия, Беларусия, Грузия, Азербайджан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Түркмөнстандан сүрөтчүлөр катышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, «Чыгыштын Күн Палитрасы» эл аралык пленэр дүйнөлүк деңгээлде чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын маданий мурастарын таанытууга чоң салым кошту.