Бишкек шаарында жаңы арт-мейкиндик — THE OTHERS өз ишин баштады. Бул аянтчанын биринчи көргөзмөсү катары борбор калаанын граффити-маданиятына арналган "GRAFFITI EDITION" экспозициясы көрсөтүлүүдө.
Көргөзмө 18-июлда ачылып, анда Кыргызстандагы граффити кыймылынын түптөлүшүнө салым кошкон муундардан тартып, жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери камтылган.
Ошондой эле экспозицияга өлкөдөгү граффити-сценасынын тарыхы жана өнүгүү жолу тууралуу баяндаган "Graffiti Kyrgyzstan" ретроспективасы киргизилген.
Көргөзмөгө CHERVI, MURE, OGMIDE, UMUT, SEAR, PRIZ, ASCANORUS, WODY жана LAYNE сыяктуу сүрөтчүлөр катышууда.
GRAFFITI EDITION көргөзмөсү — THE OTHERS арт-мейкиндигинин алгачкы долбоору болуп саналат. Бул мейкиндик келечекте дагы заманбап көркөм долбоорлорду, көргөзмөлөрдү жана башка чыгармачылык иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.
Көргөзмө Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 587 дарегинде өтүүдө.











