Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, ишкананын аймагына алгачкы таштандылар 2025-жылдын ноябрында жеткирилген. Ал эми эко-заводдун расмий ачылыш аземи 2025-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн. Долбоор борбор калаадагы калдыктар менен иштөө маселесин чечүүдө негизги кадамдардын бири болуп калды.
Ишкананын бир жылдык негизги көрсөткүчтөрү
Өндүрүштү кеңейтүү жана экинчи заводдун курулушу
Учурда өнөр жай комплекси суткасына 1 000ден 1 200 тоннага чейин калдыктарды жок кылып, 30 МВт чейинки кубаттуулуктагы электр энергиясын иштеп чыгууда. Демилгенин кийинки этабында борбордо экинчи заводду куруу пландалууда.
Жаңы курула турган ишкана суткасына 2 000 тоннага чейин таштандыны кайра иштетүүгө жана 60 МВт кубаттуулукта электр энергиясын бөлүп чыгарууга ылайыкталат. Долбоорду кеңейтүү шаардык санитардык полигонго ташталган калдыктардын көлөмүн азайтып, айлана-чөйрөгө келтирилген жүктү жеңилдетет жана Бишкектин экологиялык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт.










