Антальядагы Германиянын климаттык павильонунда «Борбордук Азиядагы климаттык туруктуу ландшафттар» (CLiCA) регионалдык программасын ишке киргизүүгө арналган министрлердин жолугушуусу болуп өттү. Долбоор региондогу экологиялык чакырыктарды комплекстүү чечүүгө багытталган.
CLiCA программасынын параметрлери
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдирүүсүнчө, программа жаратылыштын туруктуулугун чыңдоо жана жер ресурстарын башкарууну өркүндөтүү үчүн олуттуу инвестицияларды мобилизациялоону караштырат.
- деградацияланган ландшафттарды калыбына келтирүү
- айыл чарбасынын климаттык туруктуу ыкмаларын киргизүү
- фермерлердин финансылык ресурстарга жана технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү
- жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу
Жаратыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев бул демилгенин Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, кеңири мөңгүлүү ресурстарга ээ болгон бийик тоолуу республика катары өлкө климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө аярлуу.
Тоолуу экосистемаларды, токойлорду жана жайыттарды сактоо бүткүл региондун суу, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуунун негизги фактору катары каралат. Программаны ишке ашырууга Германиянын правительствосу, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ), Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомдугу (GIZ) жана Жашыл климаттык фонду катышып жатат.






















