Текшерүү тууралуу маалымат

Чон-Алай айыл окмотунда Ош облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Бул текшерүү 2026-жылга карата иш-чаралар планынын алкагында болуп өттү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, атайын жабдуулардын жардамы менен кызматтык автоунаалардын чыгарган газдарынын атмосферага таасири текшерилди. Натыйжасында, бир кызматтык автомобилдин чыгарган газдарынын нормадан ашып кеткендиги аныкталды.

Текшерүүлөрдүн натыйжалары

23 000сом айыппул
17 000сом калдыктар үчүн айыппул

Ошондой эле, Кызыл-Эшме участкасы боюнча уруксатсыз калдыктарды сактоо фактысы аныкталды.

Бардык мыйзам бузуу иштеринин негизинде, тиешелүү Кодекс боюнча административдик айыппулдар киргизилди.