Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Сокулук жана Аламүдүн райондорунда иш сапар менен болуп, Чу дарыясынын берегин бекемдөө иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөгөн.

Министр иштин сапатын жана ылдамдыгын текшерип, бардык жооптуу кызматкерлерге иштерди белгиленген мөөнөттө жана бардык курулуш талаптарын сактоо менен бүтүрүү тапшырмасын берген.

2026-жылдын башында Чу дарыясынын төрт участокунда жалпы узундугу 1720 метр болгон берегин бекемдөө пландалган. Андан соң президенттин тапшырмасы менен дагы беш участок кошулуп, алардын узундугу 5500 метрди түзгөн.

Ушул жылы жалпы 9 участокто 7220 метр аралыкта иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө баштапкы төрт участокто толук бүткөрүлүп, кошумча беш участокто иштер ийгиликтүү уланууда.

2025-жылы болсо Чу дарыясында төрт участокто жалпы 3052 метр берегин бекемдөө иштери жасалган.