Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды» аттуу иш-чара өттү. Ал Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын 9 концепциясы, негизги өткөрүү жайлары жана башка маданий долбоорлор коомчулукка тааныштырылды.
Бул эл аралык культурно-спорттук иш-чара алгач 2014-жылы Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган. Кыргызстан көчмөн элдердин этникалык спорт түрлөрүн жана салттуу маданиятын сактоо менен өнүктүрүүгө багытталган оюндун автору жана демилгечиси.






















