Бишкекте өткөн ШКУнун маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлор форумунда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов сөз сүйлөдү. Ал иш-чаранын уюштуруучуларына ушундай абройлуу аудиторияга кайрылууга жана компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылган, ал эми биринчи коммерциялык алтын 1997-жылы өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандагы эң ири өнөр жай ишканасы жана өлкөнүн негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

2022-жылдын 23-августу Кыргызстан үчүн тарыхый дата болду. Дал ошондо Кумтөр кени толугу менен мамлекеттин башкаруусуна өткөн. Бул өлкө үчүн стратегиялык маанидеги бул процессти ийгиликтүү аягына чыгарган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун бекем саясий эркинин жана ырааттуу позициясынын аркасында гана мүмкүн болду.
Болотбек Идирисов

Бүгүнкү күндө бул чечимдин натыйжалары ишкананын туруктуу иши, өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшү, ошондой эле компаниянын мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы менен тастыкталууда. Учурда кен туруктуу иштеп, өндүрүштүк пландарды аткарып, миңдеген Кыргызстан жарандарын жумуш орундары менен камсыз кылууда.