Кыргызстандын Эмгек кодексинин 16-беренесине ылайык, иш берүүчүлөр жаңы түзүлгөн же бошоп калган жумуш орундары тууралуу маалыматты мамлекеттик органдарга билдирүүгө милдеттүү. Ушул талапты аткаруу үчүн jumush.gov.kg мамлекеттик порталы ишке киргизилди. Платформаны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жанындагы «Укук» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштеп чыккан.

Жаңы ресурстун мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. Иш берүүчүлөр өз алдынча бош орундарды жайгаштырып, тиешелүү адистерди таба алышат. Ал эми жарандар республика боюнча актуалдуу сунуштарды карап чыгуу менен бирге, резюмесин калтырып, потенциалдуу жумуш берүүчүлөр менен түз байланыша алышат.

Бардык кызматтарды көрсөтүү иш берүүчүлөр үчүн да, жумуш издегендер үчүн да акысыз болот.
Жумуш берүүчүлөр менен изденүүчүлөрдүн ортосундагы байланыш боюнча

Порталдун расмий презентациясы 26-ноябрь күнү Кыргызстандын Эл аралык университетинде өткөн вакансиялар ярмаркасында жасалды. Платформа эмгек рыногунун бирдиктүү санариптик чөйрөсүн түзүүнү көздөйт.