1-августта үш альпинист — Максим Полянский (Беларусь), Николай Свиридов (Беларусь) жана Сергей Рубцов (Литва) Корумду чокусуна көтөрүлгөн.

Алар 2-августта акыркы жолу байланыш түзүшүп, 4-августта жолдун аягында күтүп турган машинага жетишпегени белгилүү болгон.

Бул топ 20-июлда Ош шаарына учуп келип, чек ара көзөмөлүнөн өтүп, Кызылсу суусунун өрөөнүнө маршруту башталган.

27–28-июлда биринчи лагерден байланыш болуп, алар баарынын жакшы экенин билдиришкен.

30-июлда топ 5660 метр бийиктикке жеткенин жана кийинки күнү 6000 метрге чыгуу пландалып жаткандыгын кабарлаган.

1-августта саат 10:30да баардык альпинисттер Корумдунун (бою 6613 м) түндүк чыгыш кыркасына чыгышкан.

4–5-августта машинаны айдоочу эки жолу белгиленген жерде күтсө да, топ кайтып келген эмес. Ошондон кийин издөө иштери башталган.

7-августта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругу менен издөө-куткаруу тобу жиберилген.

11-августта издөөчүлөр альпинисттердин палаткасына жетишкенин кабарлашкан.