Ысык-Көлдүн жээгиндеги Корумду – Балбай Баатыр айланып өтүүчү автожолунун курулушу алга жылып жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, учурда долбоордун 91 пайызы аткарылган.

Проекттин алкагында 79,2 чакырым аралыкка эки катмар асфальт-бетон төшөлгөн жана борбордук металл тосмолор орнотулган. Ошондой эле 14 көпүрө жана эки жер астындагы жөө жүрүүчү өтмөк толугу менен курулуп бүткөн.

Курулуштун учурдагы көрсөткүчтөрү

79,2чакырым асфальт-бетон
14көпүрө
235суу өткөрүүчү түтүк
486орнотулган түтүк

Велосипед жолдорун куруу боюнча жер иштери 98 пайызына чейин аткарылды. Велосипед жолунун узундугу 68,82 чакырымды, ал эми жөө жүрүүчү жолдордун узундугу 21,85 чакырымды түзөт. Учурда жол белгилерин сызуу, жол белгилерин орнотуу жана башка көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул автожол 17 калктуу конушка барып такалат. Долбоордун планы боюнча жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, жалпысынан 877 суу өткөрүүчү түтүк орнотулушу керек.