Кыргыз Республикасынын суу-мотор спорту федерациясы Эл аралык суу-мотор спорту союзунун (UIM) толук укуктуу мүчөсү статусун алганын ырастады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Full Membership алуу Кыргызстандын эл аралык аренадагы ордун бекемдөө жана регионалдык суу-мотор спортун өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам катары каралууда.
Бул өнөктөштүк алкагында UIMдин президенти Рафаэль Кьюлли узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, спортту биргелешкен күч-аракет менен өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.
Эксперттер толук укуктуу мүчө статусу дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү жана улуттук инфраструктураны андан ары өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешет. Билдирүүгө ылайык, UIM жана Кыргыз Республикасынын федерациясы туруктуу өнүгүүгө жана эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө багыт алууну пландаштырууда.
Бул жетишкендик Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй регионалдык суу-мотор спортун жалпы өнүктүрүү үчүн да маанилүү деп табылды.









