Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун финалдык бөлүгүн өткөрүүгө укук алды. Азия футбол конфедерациясынын (АФК) футзал боюнча комитетинин Пхукетте өткөн жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Континенттик чемпионаттын финалдык стадиясы 2028-жылдын 24-январынан 6-февралына чейин убакыт аралыгында өтөт.
Кыргыз футбол союзунун маалыматы боюнча, өлкө мурда Азия кубогунун тандоо турнирлерин өткөрүү тажрыйбасына ээ болгон, бирок бул жолу алгачкы жолу континенттин эң күчтүү улуттук сборнаялары катыша турган финалдык бөлүгүн кабыл алат.
Турнирди өткөрүү өлкөдөгү футзалды өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп саналат. Ошондой эле бул иш-чара өлкөнүн меймандостугун көрсөтүүгө жана Азиядагы бул спорт түрүнүн өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.
- 2028-жыл, 24-январ
Турнирдин башталышы
- 2028-жыл, 6-февраль
Турнирдин аякташы










