Кыргызстан Өзбекстандын Андижан шаарында өзүнүн Генеральдык консулдугун ачат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Кыргыз тараптын мындай демилгеси Өзбекстандын тарабынан толук колдоого ээ болду. Генконсулдуктун ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө чоң кошумча болоору күтүлүүдө.


