Кыргызстан БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) максаттуу фондуна 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө ыктыярдуу салым киргизип, регионалдык кызматташууга берилгендигин ырастады. Бул тууралуу 4-ноябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги СПЕКА экономикалык форумунда билдирди.

Форумда алынган маалыматка ылайык, СПЕКА фондуна Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстан салым которушкан. БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу секретары Татьяна Молчан фонд регион өлкөлөрүнүн биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жаңы курал болуп жатканын белгиледи.

Экономикалык көрсөткүчтөр жана тышкы таануу

А. Касымалиев өз сүйлөөсүндө өлкөнүн экономикалык позицияларынын жакшырганына токтолду. ЭВФтин маалыматтары боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн арасында төртүнчү орунду ээледи. Мындан тышкары, ири рейтингдик агенттиктер өлкөнүн кредиттик статусун ырасташты.

B+S&P жана Fitch рейтинги
B2Moody's рейтинги
B3Moody's мурунку рейтинги

2025-жылы Кыргызстан эл аралык капитал рыногуна алгачкы жолу чыгып, 700 млн долларлык дебюттук еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырды.

Транспорттук байланыш жана логистика

Кабинеттин башчысы ошондой эле региондун транспорттук байланышы маселесин көтөрүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн деңизге чыга албастыгы рынокторго жетүүнү татаалдаштырарын белгиледи. Оң тенденциялар катары ал өнүгүүнүн бир нече багыттарын көрсөттү.

  • Европа Биримдиги Кыргызстандын авиаташуучуларын авиациялык коопсуздуктун «кара тизмесинен» чыгарды.
  • Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу жүктөрдү ташуу мөөнөтүн кыскартып, региондун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.