Дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук жана өнөктөштөрдүн жеткиликтүүлүгүндөгү тобокелдиктер учурунда, мамлекеттин субсидиялоо жолун тандаганы туура чечим болду. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында МСК төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, кошумча нарк салыгын (КНС) жокко чыгаруу же салыктарды бошотуу ишкерлерге гана эмес, салык органдарына да кошумча административдик жүк келтирет. Ошол себептүү, учурдагы механизм салык мыйзамдарын өзгөртүүсүз эле жеткирүүчүлөрдү колдоого мүмкүндүк берет.
Мамлекет кошумча чыгымдарды компенсациялаганда, бул рыноктун бардык катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүүгө шарт түзөт.
Субсидия алуу процесси белгилүү бир тартипте жүрөт. Негизги жеткирүүчүлөр атайын комиссиядан өтүп, керектүү документтерди көрсөтүүсү зарыл, андан кийин гана мамлекет алардын кошумча чыгымдарын кайтарып берет.
Бул чечим мурда нефтепродукциялардын тартыштыгы күтүлгөн учурда өкмөт тарабынан кабыл алынган болчу.










