Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөгө иштөөгө чыгууну пландаган жарандарга, ошондой эле жеке жумуш агенттиктерине алдын ала милдеттүү даярдыктан өтүүнү эскертет.

«Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөгө эмгек миграциясы боюнча уруксат берүү тартиби жөнүндө» №49 токтомуна ылайык, 7-бөлүмүндө алдын ала даярдыктан өтүү милдеттүү экени так көрсөтүлгөн.

Жеке жумуш агенттиктери чет өлкөгө иштөөгө чыкчу ар бир жаранга даярдоону өткөрүү жана тиешелүү маалымат материалдары менен тааныштыруу милдетин алып жатат.

Даярдык программасынын негизги багыттары

  • Миграциялык мыйзамдар жана келет өлкөгө кирүү эрежелери
  • Чет өлкөдө жашоо, эс алуу жана эмгек шарттары
  • Эмгек мигранттын укуктары менен милдеттери
  • Эмгеккө чыгуучу өлкөнүн маданий жана социалдык өзгөчөлүктөрү
  • Каржылык сабаттуулуктун негиздери жана акчаларды коопсуз башкаруу
  • Эмгек миграциясындагы тобокелдиктер жана аларды алдын алуу ыкмалары
  • Проблемалуу же өзгөчө кырдаал түзүлгөндө жасала турган аракеттер
  • Эмгек жана башка укуктарды коргоо боюнча сунуштар

Бул программа жарандарды чет өлкөгө мыйзамдуу, коопсуз эмгек миграциясына даярдоо максатында иштелип чыккан.