Кыргызстан менен Кытай китеп чыгаруу тармагында кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Бишкекте Мамлекеттик китеп палатасында Кытайдын «Синьхуа» жана «Феникс-Чуиши» басмаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Анда тараптар китеп чыгарууну, китеп маданиятын өнүктүрүү жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулады.

Мамлекеттик китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашова мекеменин ишмердүүлүгү, кыргызстандык басмаканалардын учурдагы абалы, милдеттүү нуска берүү тутуму жана эл аралык стандарттарды (ISBN, ISSN, ISMN) колдонуу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле санариптештирүү боюнча аткарылган иштерди да белгиледи.