Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Өзбекстандын тиешелүү министри Илхом Махкамов Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш объектисинде болду.

Министрлер курулуштун жүрүшү менен жеринен таанышып, долбоордун келечеги жана инфраструктуралык маанисин талкуулашты.

Бул темир жол долбоору мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү жана регион аралык байланыштарды күчөтүү максатында жүргүзүлүүдө.