Сеулде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын изилдөө кызматы (NARS) тарабынан парламенттик изилдөө кызматтары боюнча 15-Эл аралык семинар өттү. Талкулоого дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн парламенттердин жана илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кенештин Спикеринин биринчи орун басары Медербек Алиев жана Парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору Наталья Никитенко менен Кыргызстандын делегациясы республикадагы мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн аналитикалык коштоолоо практикасы жөнүндө доклад сунуштады.

ЖИ жана санариптик трансформация

Талкуулардын негизги темалары санариптештирүү доорундагы демократия үчүн чакырыктар жана мыйзам чыгарууда жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү болду. Катышуучулар ЖИнин кабыл алынган мыйзамдык чечимдердин сапатына тийгизген таасирин жана парламенттик процесстерди автоматташтыруунун келечегин баалашты.

Жаңы эл аралык платформа

Семинардын маанилүү жыйынтыгы парламенттик изилдөө кызматтарынын консультативдик органынын түзүлүшү болду. 15 өлкөнүн аналитикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери кесипкөй кызматташтык жана тажрыйба алмашуу үчүн платформаны түзүү жөнүндө декларацияга кол коюшту.

Кыргыз Республикасы Австрия, Алжир жана Германия сыяктуу өлкөлөр менен бирге бул жаңы консультативдик органдын курамына расмий түрдө кирди.