Кыргызстандын тоолуу аймактарында чет өлкөлүк жарандардан турган альпинисттер тобу дайынсыз жоголуп, аларды издөө иштери башталды. Алардын арасында эки Беларусь жараны жана бир Латвия жараны бар.

Спортчулар Курумды чокусуна Түндүк кыр аркылуу татаал маршрутту басып өткөндөн кийин байланышка чыкпай калышкан.

Беларусь телеканалы ОНТ билдиргендей, 4-августта альпинисттер чокуга ийгиликтүү чыгып, оператору менен байланышкан. Алар түшүүгө толук даяр экенин жана базалык лагерге багыт алганын билдиришкен.

Бирок белгиленген убакта топ көзөмөл пунктуна келген эмес. Ошол учурдан тарта альпинисттер менен байланыш толугу менен үзүлүп, алардын учурдагы жайгашкан жери белгисиз бойдон калууда.

Беларусь альпинизм жана скалолазание федерациясы Кыргыз Республикасындагы кесиптештеринен жоголгон топту издөөгө жардам сурап кайрылган.

Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатов бул кырдаал тууралуу Кыргызстандын ӨКМ жана ИИМ маалымдалганын билдирди.