Кыргызстандагы тоолордо татаал маршрутту басып өткөн альпинисттер тобу байланыштан чыгып калган. Алардын катарында эки беларусиялык жана бир латвиялык жарандын да бар экендиги маалымдалды.

Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, кабар алгандан соң Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлиги издөө-куткаруу тобун түзүп, аймакты көзөмөлдөө жана издөө иштерин жүргүзүүдө.

«Биз дароо МЧС менен ИИМди кабардар кылдык. Альпинисттерден түзүлгөн коомдук куткаруу тобу дайындалды. Азыр МЧСтин мониторингинин жыйынтыгын күтүп жатабыз, андан кийин издөө жана куткаруу иштерин биздин тобубуз жүргүзүүгө даяр»
Эдуард Кубатов, Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору

Белоруссиянын альпинизм федерациясы тарабынан билдирилгендей, жогорудагы альпинисттер татаал маршрутту ийгиликтүү басып өткөн соң байланышты жоготушкан.