Ведомствонун маалыматына ылайык, стенддерди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы орноткон.

Бажылык тариздөө жүргүзүлүүчү жерлерде товарларды импортточулар, декларация толтургандар жана башка кызыкдар тараптар менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү ишке ашат. Ушул себептен, утилизация акысы тууралуу маалыматты түздөн-түз бажылык тариздөө пункттарында берүү — маалымдоо үчүн эң натыйжалуу ыкма деп белгиленет.

Стенддерде кандай маалымат бар?

  • утилизация акысын төлөө тартиби;
  • утилизация акысына жаткан товарлардын тизмеси;
  • тийиштүү ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат;
  • кошумча консультация алуу үчүн «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасынын байланыш маалыматтары.

Министрликтин билдирүүсүндө айтылгандай, эми товарларды бажылык тариздөө үчүн Түндүк-Чыгыш жана Түндүк темир жол бажыканаларына келген жарандар, импортчулар жана уюмдардын өкүлдөрү утилизация акысы боюнча бардык керектүү маалыматты, ошондой эле кызыктырган суроолорго толук жоопту жергиликтүү жерден ала алышат.