РФ Өнөр жай жана соода министрлиги «Дөңөлүү транспорт каражаттарына, өзүн өзү жүргүзүүчү машиналарга жана алардын прицептерине карата утилизациялык жылым жөнүндө» токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, жылымды эсептөө эрежелерине өзгөртүүлөрдү 2027-жылдан тартып киргизүү пландалууда.
Негизги жаңылык бажы төлөмдөрүнүн ортосундагы айырманы кошумча төлөө механизми болот. Эгерде автоунаа ЕАЭБ өлкөсүнө (мисалы, Кыргызстанга) Россиянын ставкаларынан төмөн алымдар төлөнүү менен алып кирилсе, РФге алып кирүүдө бул айырманы компенсациялоо талап кылынат.
Кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө россиялык бийликтер бажыдан өткөрүүдө көрсөтүлгөн баага эмес, Өнөр жай жана соода министрлигинин атайын тизмесиндеги конкреттүү марка жана моделдин орточо наркына багытталмакчы болот. Союздун башка өлкөсүндө алымдар төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер жок болсо, кошумча төлөмдүн суммасы нөлгө барабар деп эсептелет.
Жеке жактар үчүн чектөөлөр
Жаңы эрежелер жеке колдонуу үчүн транспорт алып кирүүчү жарандар үчүн кошумча тоскоолдуктарды түзөт. Эгерде машинаны Кыргызстанга алып кирүүдө ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинен же Россияда белгиленген тарифтерден башка ставкалар колдонулган болсо, бажы органдары утильжылымдын жеңилдетилген ставкасын колдонууга баш тартышы мүмкүн.
Учурдагы утильжылымдын жеңилдетилген ставкалары
Мындан тышкары, долбоор процедураларга жаңы талаптарды киргизет: сатып алынган автоунааларды бир айдын ичинде каттоодон өткөрүү зарыл болот. Жашы 30 жылдан ашкан раритеттик машиналарды жеңилдетилген ставка менен алып кирүү үчүн ээлери алардын маданий баалуулук статусун расмий түрдө далилдеши керек.
Автодилерлер бул түзөтүүлөр акыркы жылдары Россияга чет өлкөлүк унаалардын негизги агымын камсыз кылган Евразия экономикалык союзунун өлкөлөрү аркылуу импорттун адаттагы каналдарына тоскоолдук болот деп кооптонууларын билдиришти.











