Бишкек шаарында Министрлик колдогон «Заманбаап Мугалим» программасынын биринчи бүтүрүүчүлөрү салтанат менен ийгилик менен бүткөнүн жарыялашты. Бул программа «Teach For All» глобалдык тармагынын Кыргызстандагы алгачкы демилгеси болуп эсептелет.
Бул эки жылдык программада 25 мугалим Чүй областынын 12 мектебинде билим беришип, 8000ден ашуун окуучуга таасир этүүнү камсыз кылышты. Мугалимдер окуучулар менен бирге билим берүү жана социалдык долбоорлорду, анын ичинде экологиялык долбоорлорду, медиа клубдарды, чыгармачылык бирикмелерди, мектеп фестивалдарын, кыска метраждуу жана мультфильмдерди ишке ашырды.
Мугалимдер мектепте эмгектенүү менен катар, Борбор Азия эл аралык университетинде «Өзгөрүүлөр шартындагы педагогика» программасы боюнча магистратурада билим алышты. Алардын изилдөө иштери билим берүүнүн азыркы көйгөйлөрүн, анын ичинде искусственный интеллектти колдонуу, окуучулардын чыгармачылык потенциалын өстүрүү жана окуу мотивациясын жогорулатуу маселелерин камтыды.
Министрликтин маалыматына ылайык, бүтүрүүчүлөрдүн бул ийгилиги Кыргызстандагы «Заманбаап Мугалим» программасынын биринчи циклын ийгиликтүү аяктоо болуп саналат.












