Кыргызстанда «Тоолор жана адамдар» аттуу фотоконкурстук иш-чара башталып кетти. Бул долбоор өлкөнүн тоолуу аймактарындагы жаратылышты, каада-салттарды жана жергиликтүү турмушту чагылдырууга багытталган. Конкурсту Кыргызстандын жергесинде өтө турган II Глобалдык тоо саммитине («Бишкек+25») даярдык көрүү алкагында өткөрүүнө чечим чыгарылды.

Иш-чараны М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүк музейи Президенттин администрациясынын, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргелешип уюштурууда. Конкурстун негизги максаты — тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө, алардын жаратылыш байлыктарына, экологиялык маселелерине жана жергиликтүү калктын жашоосуна көңүл буруу.

Конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн баалуу сыйлыктар каралган:

1Гран-при (фотоаппарат)
1I орун (ноутбук)
2II жана III орун (планшеттер)

Фотографтарды, сүрөтчүлөрдү жана чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрүн катышууга чакырат. Катышуучулар каттоо формасын толтуруп, өз иштерин электрондук почта аркылуу жөнөтүшү керек.

  1. 23-ноябрь, 2026

    Конкурстун башталышы

  2. 6-декабрь, 2026

    Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү

  3. 11-декабрь, 2026

    Конкурстун аякташы