Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөнүн мыйзамдарынын жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн валюта рыногунун катышуучуларына карата чараларды көрдү.

Финансылык жөнгө салуучу органдын билдирүүсүнө ылайык, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Жалал-Абад облусундагы бир акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунда тиешелүү лицензиясы жок накталай чет элдик валютаны алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн бир жаранга 17,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, эки акча алмаштыруучу бюронун лицензияларынын аракеттери убактылуу токтотулду. Бишкек шаарындагы Московская көчөсү, 86а дарегинде жайгашкан «Про мани» алмаштыруучу бюросунун лицензиясы 2026-жылдын 25-июлунан 27-июлуна чейин, Талас облусунун Манас районундагы Май айыл аймагындагы «Лидер 07» алмаштыруучу бюросунун лицензиясы 2026-жылдын 24-июлунан 7-августуна чейин токтотулду.