“Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Бахрейн Королдугунун Gulf Университетинин профессору Ахмед Тавальби дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги тез өзгөрүүлөр шартында эл аралык медиа форумдун өзгөчө маанисин баса белгиледи. Ал мындай аянтчалар бүгүнкү күндө өтө зарыл экенин, анткени алар ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө, тажрыйба алмашууга жана актуалдуу чакырыктарга биргелешип жооп издөөгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Биринчиден, мындай форумду уюштургандарга ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү күндө медиа мейкиндиги оор мезгилди башынан өткөрүп жатат, биз болуп жаткан процесстерди түшүнүшүбүз керек. Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен жалган маалыматты ишенимдүү журналистикадан айырмалоо өзгөчө маанилүү болуп калды. Мындай жолугушуулар кесипкөй коомчулукка пикир алмашууга, таанышууга жана татаал маселелерди чогуу чечүүгө жардам берет.
Ахмед Тавальби

Профессор Тавальби Бахрейндеги Gulf Университетинде медиа тармагында профессор болуп иштээрин билдирди. Анын айтымында, университет Россия менен маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурат, ал жерде орус тилин үйрөтүүчү Орус борбору ачылган.