Кыргыз Республикасынын чек арасындагы «Чалдыбар» фитосанитардык көзөмөл пунктунда жалпы көлөмү 90 куб метр болгон жыгач материалдарын өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Россия Федерациясынан эки жүк ташуучу унаа менен келген товарларды текшерүү учурунда адистер фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар менен товардык-коштоочу документтердеги маалыматтардын ортосунда айырмачылыктарды аныкташкан.
Аныкталган эреже бузууларга байланыштуу, жыгач материалдарынын партиясы Кыргызстанга киргизилбей, жөнөтүүчүгө кайтарылып берилген.



