Кыргызстандын жалпы орто билим берүү мекемелеринин штаттык түзүмүнө мектеп психологунун кызматы кошулду. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №336 токтомуна өзгөрүүлөр киргизилип, мектептердеги кызмат орундарына психолог кызматкерди киргизүү каралган.

Бул өзгөрүүлөр муундардын психикалык саламаттыгын сакталоо жана бекемдөө максатында сунушталды.

Штаттык бирдиктердин саны окуучулардын санына жараша белгиленет

Окуучулардын санына жараша штатта психологдун саны ар түрдүү болот: 100дөн 275ке чейинки окуучулар үчүн 0,25 штаттык бирдик, 276дан 550гө чейинкилер үчүн 0,5 бирдик жана 551ден ашкан мектептерде бир толук штаттык бирдик бекитилет.

Бул токтом расмий жарыялангандан он күн өтүп күчүнө кирет.