Нарын шаарында РТС аймагындагы панорама эс алуу жана туризм үчүн заманбап жайга айлантылат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев «Сапат курулуш» ЖЧКсынын жетекчиси Валихан Жолбулаков менен жолугушуп, РТС аймагында жакында курулган панораманы мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Конкурс аркылуу жеке ишкерге инфраструктураны түзүү шартында өткөрүлүп берилген панорама аянтчасы жайкы кинотеатр, фотозона, балдар ойноочу аянтчасы жана тамактануучу жай менен толукталат. Андан сырткары, атайын туристтик маршруттарды уюштуруу пландалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймакты мындан ары көрктөндүрүү, коопсуздукту жана тазалыкты камсыз кылуу, ошондой эле панораманын тегерегиндеги инфраструктураны жана тепкич жолдорун жакшыртуу маселелерин талкуулашты.