Кабар маалымат агенттиги билдиргендей, 23-июль күнү Кыргызстандын Билим берүү министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Виктория Мозгачева Түштүк Кореянын “Lambino” IT-компаниясынын башкы директору Ли Су Ёнг менен жолугушту.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Мухтарбек Баймурзаев жолугушуу учурунда билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинде Билим берүү министрлигинин Бирдиктүү санариптик билим берүү экосистемасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал өлкөнүн бардык аймактарында окуучулардын, мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин билимин баалоо үчүн заманбап тест борборлорун түзүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Ли Су Ёнг өз компаниясынын ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен кызматташуу тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, ал санариптик трансформациялоонун планын жана негизги багыттарын иштеп чыгуу, мугалимдер үчүн окутуу программаларын уюштуруу, IT-тематика боюнча онлайн-лекцияларды даярдоо жана башка биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу сыяктуу багыттарда кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча айтылган сунуштарды карап чыгууну жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоону улантууну макулдашышты.