Манас шаарында диний радикалдашуунун тобокелдиктерин азайтуу жана аялдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча профилактикалык жыйын болуп өттү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Улуттук агенттиктин жана Жалал-Абад облусундагы муфтияттын өкүлдөрү биргелешип уюштурган жыйында аялдардын укуктары, алардын коомдогу орду жана диний радикализмден сактануу маселелери каралды.

Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик органдар менен расмий мусулмон руханийларынын кызматташтыгын бекемдөө жана диний радикалдуу идеологиялардын жайылышын алдын алуу болуп саналат.

Аялдардын билим алуусу, эмгекке аралашуусу жана үй-бүлөдөгү тарбиядагы ролу өзгөчө басым менен белгиленди. Түркүн диний маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүүнүн мааниси айтылды.

Ошондой эле, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучтары, диний нормалардын туура эмес түшүндүрүлүүсү жана интернет аркылуу радикалдуу идеялардын жайылышы тууралуу эскертүүлөр берилди.